Бактылуу болууга күнүнө үч сөз айтуу жетиштүү

Ар бир эле адам бактылуу болгусу келет жана бактылуу болууга татыктуу. Бирок, аны кантип жасоо керектигин ар бир эле адам билбейт. Төмөнкү үч сөз сизди бактылуу болушуңузга жардамга келет.

1. Мен муну бүгүн жасайм

Мен бактылуу боломун. Мен максаттарыма жетемин. Мен бүгүн күн мурунтан ойлонуп келген жумуштарымды бүтүрөм. Менин колуман келет деген сөздөрдү тынбай кайталап туруңуз.

2. Мен эң жакшысына гана ылайыктуумун

Өзүңүздү эң жакшысына гана ыраа көрүңүз. Өтүп кеткен окуяга эч качан кайгырып, өкүнбөңүз. Мисалга, бир нерсе сатып алууда эң мыктысын гана сатып алыныз.

3. Колуман келет, билемин

Коркунуч сезими адамга терс таасирин тийгизген адаттардын бири. Ошондуктан, коркунуч адатыңыздан арылуу үчүн, бул нерсе менин колуман келет, мен бул нерсени жасай алам деген тилек менен баштоо керек.

RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...