ТАБЫЛГА

– Тиги дагы келиптир,-деди күйөөсүнө аста шыбыраган сатуучу аял.
– Итирейген десе, ушул тегерекке байыр алып алды,- деп атырылып чыга калган күйөөсү ары жакта турган аракеч аялды сөгүп калды. Пенделик да, эч кимге тиешеси жок, күнүмдүк оокаты менен алек болуп жаткан карыпты ким болсо да ушинтип жекирип, түртүп өтчү. Кир жоолугуна чачтарын жымырымыш эткен аял андан ары жөнөдү. Жайкысын ушул чакан базарга келип чарбагындагы мөмө-жемишти сатымыш болот. Кышкысын коробка, желим бөтөлкө чогултуп өткөрүп акча табат.
Эки аягы араң кыбырап, ээн паркта бөтөлкө чогултуп жүргөн аял эс алмакка отуруп калды. Жакын эле жерден наристенин ыңаалаган үнү угула түштү. Ордунан туруп эки жагын элеңдей карады. Өзүнөн башка жан көрүнбөйт. Жакын жердеги эле скамейкада ороо-чулгоосу менен наристе жатканын байкады. Бала көп жатып калса керек, безелене ыйлап жаткан экен. Карбаластап жетип, аны колуна ала койду. Бала негедир соороно түштү.
– Кайсы жинди бул жерге таштап кетти?! Мээси бар немеби?!-деди аракеч аял күбүрөнө.
Баланы кучактап алып “апасы бир жакка кетсе келип калар” деп күн батканча күттү.
«Эмне кылам? Таштап кете берсемби? Балким, бирөө көрүп калар?.. Өзүм араң жүргөндө кандай балээ жабышты...» деп жатты ойлору. Бөпөнүн курсагы ачты окшойт, безелене кайра ыйлап кирди.
– Эмне кылам эми сени? Болду, ыйлабачы! Кантебиз эми, шор маңдай энеңди издейлиби? Ал шордуу жыргаганынан сени таштады дейсиңби?
Ары-бери силкип бала менен сүйлөшө кетти. Ал да түшүнгөндөй ыйын токтотуп, көздөрүн ачып тиктеп калды.
– Деле, зээндүү окшойсуң, ээ?- деп ичи жылыган аял наристеге эңиле берди.
Бах, жаңы төрөлгөн наристеникиндей жыт болду бекен?! Жыпар жыттан аялдын эбак катып калган көкүрөгү дирилдеп кетти. Оо, мындай сезимдер унут болгону качан? Балкып бала эмизип, мээримге баткан кездерин өзү да эстегиси келчү эмес. Эстегенде эмне? Уулун күйөөсү каза болгондо туугандары тартып алган. Күйөөсүн өлтүрүп түрмөгө түшүп, кайра чыккандан кийин уулун издеп тапты. Жок, андан көрө таппай эле койсо болмок. Чочуп, жатыркап тигилген уулунун көздөрүн көрбөй эле койсо болмок. Уулу өзүнүн жанына келгенден жийиркенип турганын байкап, жаны бир күйүп кетти.
– Чоң апам сага жакын барба, өлтүрүп коёт, атаңды өлтүрүп салган, сени да өлтүрөт деп айткан. Мен сенден корком,- деген бала кучагын жайып келаткан апасынан качып машинага култ кирип кетип, ошол боюнча чыккан эмес. Бул жоругу аял үчүн тагдырынын кырсыгы болду. Түрмөдөн ичкилик оозуна албай келген жаны эркиндикте ичип кетти. Өзүн жоготуп койду. 12 жыл, көрсө, уулуна болгон сүйүүсү, үмүтү менен жашаптыр. Тез эле аракечке айланып кеткенин өзү да байкабай калды.
Көзүнүн кычыгына айланып кеткен жаштарын сүртүп ордунан турган аял баланы бооруна кыса үйүн көздөй илкиди.
– Муну жакшы турган, бардар үй-бүлөнүн короосуна таштап кетейин. Балким, багып алышар же өткөрүп беришер Балдар үйүнө,- деди кобурап.
Үйүнө жеткиче да айлана-тегерегиндеги үй-бүлөлөрдү элестете баштады.
«Кой, тигинин аялы ажаан, балага күн көрсөтпөйт. Беркичи? Ага бала эмес, мышыкты ыраа көрө турган неме эмес...»
Балага үй-бүлө тандай берип ойлорунан да чарчап кетти. Акыры коңшу жашаган баласыз бир үй-бүлөгө токтолду. Баланын жалаягын алмаштырып, дүкөндөн ала келген сүтүн берип, таптап уктатып сүйлөнө берди.
– Уул! Сендей уулга жетпей канча адам зарлап жүрөт?! А сен азамат экенсиң. Ыйлаган жоксуң, ээ? Ыйлаба, балам, ыйдан эмне пайда? Мына, мен ушинтип жашайм. Сага эч нерсе бере албайм. Биртке гана кара курсак үчүн тамак табам. Болбосо...- деп баратып өз оюнан өзү чочуп кетти.
Энелик тамыры зыркырап, ушул уулга эне болгусу келип жатканын байкады. «Ушул кичинекей үйүмдө жашаса...» деген сокур сезим күчтүү болуп турган эле. Бирок баары бир акылы жеңип, түн ортосунда болжолдогон үйүнө жөнөдү. Баланы тепкичке жаткыра берип, жүзүнөн бир искеп алып артка кайрылды. Энтиге үйүнө кирип томсоргон үйүн айланта карап, отура калып ыйлап жиберди. Өзүнүн алсыздыгына, эне болуп туруп эне боло албасына жаны кыйналып ыйлады. Бир кезде башын көтөрүп баланын ыңаалаган үнүн эшитти. Андан ары өзүн токтото албайт эле. Далбактап чуркап, көз жашын сүртүп баратты. Үй ээлери ойгоно элек экен. Наристе чындап эле безелене ыйлап жатыптыр. Балага жетип, бооруна кыса жалынып жиберди.
– Жалгызым, менин! Табылгам! Эмдиги жалгыз чырагым! Сени эми эч качан таштабайм!- деп жатты аял.
xхх
Окуядан соң эки жыл өттү. Табылды жигит болуп калды. Баягы ар дайым чырмоок, отоо чөп басып турган короодо роза гүлдөр жайнайт. Эки бөлмөлүү үй да чекчейип ремонттолуп калган. Коляскага уулун салып жумушуна жөнөгөн Гүлбараны тиктеген коңшулары шыпшынып кеп салышты.
– «Тирүү кишиден түңүлбө» деген ушул. Аракты таштагандан кийин өңүнө чыга түшпөдүбү. Байкуш, жашы көп болсо 38-39дарда болсо керек, ээ?
– Ошону айтсаң, жакшынакай келин экенин эми байкадым...
Эне-баланын бактысына коңшулары эмес, күн да суктана мээрим нурун төгүп турду.

RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...