Ушул класста канча лампочка бар?

Сынак учурунда бардык студенттер суроолорго жооп берип чыгып кетишти. Акыркы калган студент анчалык жакшы окубайт болчу. Мугалими аны билип: — Сага сабак боюнча суроо берсем баарыбир таба албайсын. Кел, сага башка суроо берем. Ушул класста канча лампочка бар? — деп суроо берди. Студент ойлонуп отурганда шыпка карап лампочкаларды санап койгон экен. Дароо жооп берди: — 8 лампочка бар, агай. — Туура эмес, 9 лампочка бар, бирөө менин чонтөгүмдө болчу, — деп агайы өзүнүн чөнтөгүнөн бир лампочка чыгарып көрсөттү жана студент ошол сабактан калып калды. Бир жылдан кийин дагы ушул сабактан, ушул класста сынак болуп жатат. Мугалими баягы студентти таанып: — Сага дагы эле ошол суроо: класста канча лампочка бар? — деди. Студент болсо: — 9 лампоча бар, — деп жооп берсе, агайы: — Дагы туура эмес, бүгүн менин чөнтөгүмдө лампочка жок, — деп чөнтөгүн көрсөттү. Анда студент: — А меникинде бар лампочка, — деп жооп берип сынактан өтүп кетти

17:25
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...