Жалаң, эле сөөк көтөрүп келипсиң го!

Койдун бышкан башын сатып кел деп, Апендиге атасы акча берип, базарта жумшайт. Апенди баш сатып алып, жолдо келатканда четинен бир тиштеп жейт. Анан улам кызыгып, кичинеден жеп журуп отуруп, үйгө жеткенче таптаза мүлжүп салат да, үйгө сөөгүн көтөрүп кирет. 

— Жалаң, эле сөөк көтөрүп келипсиң го! — дейт атасы. 

— Кулагы кайда мунун? 

— Дүлөй кой экен,— дейт Апенди. 

— А тиличи? 

— Дудук кой экен. 

— А көзүчү? — 

— Сокур кой экен. 

— А баштын куйкасычы? 

— Тазда эмненин куйкасы, башы таз кой экен! 

— Дети соо жери жок экен дечи бу койдун? 

— Жо-о! Тиштери бүпбүтүн, бири да түшпөптүр! — деп, бала сөз таап кетиптир.

04:12
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...