Эми баарын кошсоңуз канча болот?

Апенди үйлөнүп бир балалуу болуптур. Бир күнү апенди келинчегине: 

-Жаным элдин аялдары 9 айда төрөйт, сен 3 айда төрөдүң эч эле түшүнбөй башым катты?- десе. Аялы: 

-Сиз мени алганызга канча болду? Апенди: 

-Үч ай болду. Аялы: 

-Мен сизге тийгениме канча болду? Апенди: 

-Үч ай болду. Аялы: 

-Үйлөнүү тоюбуз болгонуна канча болду? Апенди: 

-Үч ай болду. Аялы: 

-Эми баарын кошсоңуз канча болот? Апенди: 

-Тогуз ай болот, кечир жаным бул жагын ойлонгон эмес экенмин

08:36
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...