Гүлчапчап

Жашы элүүгѳ чукулдап калган Гүлчапчап жүрѳгү кармап оорууканага жатат. 

Операция үстѳлүндѳ жатса, кѳзүнѳ жан алгыч периште Азрейил кѳрүнѳт. Гүлчапчап андан: 

-Менин убак-саатым жеттиби? Азрейил периште: 

— Жок сенин дагы 45 жыл, 4 ай, 7 күнүң бар. 

Операция жасалып бүтүп, наркоздон тургандан кийин «дагы ушунча жыл жашай турган болсом, анда пластикалык операция жасатышым керек» деп Гүлчапчап операция жасатууну чечет. Бетин тарттырып, эриндерин, тѳшүн, задный мостун чоңойттурат. Кыскасы, «жаңыдан тѳрѳлгѳндѳй» башкача фигурная 18 жаш болуп чыга келет. 

Акыркы операцияны жасатып, оорууканадан эми чыгып келатканда Гүлчапчапты кокустан тез жардам машинеси койуп кетип каза болуп калат. Анда Гүлчапчап Азрейилге: 

-45 жыл жашайсың деп айттың эле, анда эмнеге тез жардам машинесинен мени сактап калган жоксуң? Азрейил: 

— Гүлчапчап, сени тааныбай калыптырмын. Укмуш ѳзгѳрүп кетиптирсиң деп коёт дейт

09:35
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...