Балам ошол немецке согуш бүткөнүн айтсам бекен аа

Бир аксакал молдокенин алдына келип: 

-«Дамлаа менде бир суроо бар эле даа», дептир. Молдоке: 

-«Кандай суроо аксакал сураңыз?», десе. 

-Балам мен ооо 1945-жылы бир чооң күнөө кылганмын да. Аны айтышка да батыналбай турамын", десе. Молдоке 

-«Аай аксакал айта бербейсизби эми уялбай эле», дептир. Анда аксакал: 

-«Ошондо мен бир немецти үйгө жашырып баккан элем», десе, молдо оозунан сөзүн жулуп алып: 

-«Ээй аксакал ага эмне кайгырасыз, күнөө эмес кайра сооп иш кылган турбайсызбы, себеби сиз бир адамдын өмүрүн сактап калып жатпайсызбы», дептир. Анда аксакал: 

-«Ошоо бирок бир жери бар да балам» десе. Молдоке: 

-«Коош эмнеси бар экен», Аксакал: 

-«Ал немистен күнүнө 100 доллар алып турчумун да», дептир. Анда молдоке: 

-«Аа ошентпейсизби, кеп биякта деңизчи, коош аксакал мейли эми күнүнө 100 доллар алсаңыз деле эч нерсе эмес, кыжалат болбоңуз күнөө болбойт, анткени сиз адам өмүрүн сактап калып жатпайсызбы», дептир. Аксакал: 

-«Ээ рахмат балам, рахмат», деп кетип бара жатып, эшикке жеткенде, артына кайрылып: 

-«Балам ошол немецке согуш бүткөнүн айтсам бекен аа» деп коёт дейт))

17:09
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...