Мени ассаңар да белимден аскылачы
Бир күнү шаар башчысы Апендинин ачуу тилинен айып таап дарга асмак болот. Аянтта эл додо. Салаңдап турга сыйыртмак жиптин алдындагы Апендиге өкүм ээси:
— Акыркы өтүнүчүңдү айтып кал, — деп кайрылат.
— Бир гана суранычым бар, — дейт Апенди.
— Мени ассаңар да белимден аскылачы, анткени мойнумда кытыгым бар эле дейт имиш