Кудай буйруса күйөөң болом

Кудай буйруса күйөөң болом

Илгери 1937-жылдары бир кыргыз эт бышырып жаткан аялын шаштырып, 

-“салып кел, бир жыргап чүйгүн эттен жейли” деп бакылдайт. Бир чара казы-картаны дасторконго коюп жатып аялы 

-“Кудай кааласа!” деп айтсаң деп зекийт. Анда күйөөсү алдында бууланып турган этти карап туруп 

-“эми кемпир, бул этти Кудай кааласа да, каалабаса да жейбиз” деп күлүп, эттин чүйгүн жеринен тандап, бычагы менен эми кесе баштаганда эшик “такылдап” калат. 

Аңгыча НКВДнын желдеттери кирип келип, үй ээсин бир жалган доомат менен кармап кетет. Аялы ыйлап-сыктап кала берет. Күйөөсү алыска сүргүнгө айдалып, дайынсыз жоголот. 

Анан 10 жылдан кийин бир күнү караңгы түндө аялы балдары менен жатса эшик “такылдап” калат. Чочулаган аялы 

-“Бул ким?” деп үн катса эшиктин сыртындагы эркектин үнү акырын чыгып: 

-“Кудай буйруса күйөөң болом” дейт имиш

05:13
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...