Ай бала, бул эмне дегениң..!?

Биринчи курстун жигити, ата энеси менен айтыша кетет.
— Мен кетем үйдөн, башка квартирага чыгам..!
Апасы :
— Ай бала, бул эмне дегениң..!?
Баласы:
— Мен элдин балдарындай болуп, өзүм кенен жүрө албайм, окуудан чыгарым менен үйгө эрте келем. Көчөгө, кино, ресторан-кафелерге такыр жибербейсиңер… ошондуктан кетем, өзүмчө жашайм, тойдум ушундай жашоого!!! деп каалганы көздөй басат.
Атасы:
— Токточу балам..!
Баласы :
— Жок ата, мени токтотбогула, болду мен кеттим! десе.
Атасы:
— Ой мен сени токтоткон жерим жок, мен сени менен кетем деп коет дейт

05:57
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...