Ата, бакчаларды кыдырып жүрө берип, мектептен кеч калмай болдум!

Ата, бакчаларды кыдырып жүрө берип, мектептен кеч калмай болдум!

Аялым апасынын үйүнө кеткен, той болот деп. Бүгүн таң эрте уйкудан турдум да, баламды кийинте баштадым.
«ЭЙ, БОЛ ТЕЗ, КЕЧ КАЛАБЫЗ!»-деп кыйкырып коем...
Эшик суук, жылуу күрмө, кол кап, баарын кийгиздим айтор. Экөөбүз бакчага жөнөдүк. Жолдо баратып, бир нерсе эсиме «кылт» этти. БАЛАМДЫН БАКЧАСЫ КАЙДА ЭКЕНИН БИЛБЕЙМ ДА!
Мурда алып барбасам, мына сага кызык. Жолдо баратам ойлонуп. Алгач жакын жердеги бакчага кирдик. Ал биз барган бакча эмес экен.
Кийин алысыраагына чуркап бардым уулумду жетелеп. Кашайгыр, ал дагы биз барчу бакча эмес экен. Андан чыгып сураштырып олтуруп дагы бир бакчага бардык, ал дагы биз барган бакча эмес экен...
Бир маалда уулум, «ата, бакчаларды кыдырып жүрө берип, мектептен кеч калмай болдум!»- десе болобу! Көрсө уулум мектепте экинчи класста окуйт экен. Ошо, жонундагы асынып жүргөн сумкасынан шек санадым эле..

07:18
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...