Сиздерге бир жалобым бар!

Сиздерге бир жалобым бар!


Москвачылык демекчи, квартирада бир карындашыбыз бар. ОЗУ нап.нармалний эле кыз. Иштеген иши деле, кийиниши деле сонун кыз. Бирок эч сыр бербейт. Ушунча байкадым, даже устунон тутуп да алдым, ошондо да сыр бербейт. Деги биз каяка баратабыз? Жок дегенде мекендешим же агам деп койсо да болмок. Жок, эч сыр бербейт. Как будто ал жоктой. Ичимде катып, акыры сиздерге айтууга аргасыз болдум. Анткени андайга сиздер да кайдыргер болбосонуздар керек деп ойлодум. Анда эмесе окуяны бир четинен айтып берсем.
Бир куну эрте менен жумушка жоноп жатып, кухняда бир карындаштын телефондо бироо менен суйлошуп жатканын угуп калдым. Угуп калып тообо дедим. Себеби ал кыз анчалык эрте турбайт эле деп. Анан телефондогу ким болсо да, карга «бомба» чокуй элек эле туруп алган ким экен деп тан калып. Бети колду жууп, кухняга кирдим. Кирсем, столду эрте менен эле жайнатып, завтрак кылып жаткан экен, телефондо суйлошкончо. Мен дагы Орустардан кемминби деп, — приятного деп койдум. Ал карындаш да, — испасийба деп, биздин акценти менен жооп кылып койду. Мен дагы кофе даярдап, эрте мененки курсака бир эки печенье жеп алып эле жонойм деп жатсам эле, бир маалда жанагы карындашым мен жактырган «сырдан» жеп олтурат го, шилекейди агызып. «Сыр» дегенде башым менен таштаймын. Бирок, ал карындашым мага «сыр» берген жок. Бербей эле озу жеп койду го, мазза кылып! Ошого жогоруда айттым да, «эч сыр» бербейт деп)))))))). Болгону, мен «сырды» аябай жакшы кором, ошого сиздерге арызданып койдум да. Билдим, окуп жатып оюнуздар ар тарапка кеткенин))))))
Баарыныздарга жагымдуу маанай каалаймын!

07:48
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...