Кызы менен келини

Кызы менен келини

Эки аял жолдо жолугушуп калып бир-биринин абалын сурап, кезек балдарды сураганга келгенде биринчиси:
-Уулуң кандай? Үйлөндүбү?
-Үйлөндү, үйлөндү… Бирок, келиним жакшы чыкпады. Эртеден кечке жумушта.Үйдө кыйратып тамак жасабайт. Чарчадым деп кээде уулума тамак жасаттырат.Колу бир ишке тийбейт үйдө. Бир үй кызматчы жалдап алышып оошого кылдыртат бүт жумушту.Үйдө тим эле ханыша! Эхх, эмне кылайын?! Бармагымды гана тиштейм да...
-Ай-иий, келинден жарыбапсың. Кызыңчы? Турмушка чыктыбы?
-Ооба, чыкты. Аябай бактылуу. Кызыма ойлонбойм. Ушундай сонун бир күйөө балам бар дейсиң! Кызымдын колун суук сууга салдыра койбойт. Кызым эртеден кечке жумуштан чарчайт да байкушум. Анан кечки тамакты чогуу жасашат. Кээде күйөө балам өзү эле жасап койот. Ушундай акылдуу чыкты күйөө балам. Кызымды чарчайт деп үй кызматчы алып берди. Кызым ханыша үйүндө… Ай, аябай бактылуумун...

23:47
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...