Бала атасында калат

Ажырашуу процессинде аял сотко талаптарын негиздеп айтып жатат:

-“Урматтуу сот, баланын менде калуусун каалайм. Аны тогуз ай курсагымда көтөрдүм”.

Сот күйөөсүнөн сурайт:

-Аялыңызды уктуңуз. Айтчу сөзүңүз барбы?

“Бар, албетте”-дептир күйөөсү.

-Урматтуу сот, бир бөтөлкө муздак кола ичкиңиз келди дейли. Машинкага акчаны салдыңыз анан сизге кола келди. Эми бул кола машинканыкыбы же акчаны машинкага салган кишиникиби?

Сот катчысына кайрылып:

-Жазыңыз. Бала атасында калат.

01:39
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...