Бир бирден айтчы!

Бир бирден айтчы!

Акмат, Бекмат, Ташмат тоого барышып сүйүүсүн кыйкырып билдиришмей болот.
Акмат:
-Айшакан, мен сени сүйөөөм!
Жаңырык:
-Айшакан, мен сени сүйөм… сүйөм… сүйөөөм
Бекмат:
-Мен сени сүйөм, Токтокан!
Жаңырык:
-Мен сени сүйөм, Токтокан… Токтокан… Токтокаааан
Ташмат:
-Айшакан, Токтокан, Майрамкан, Жармакан, Айнакан, Айгүл, Жазгүл, Мээрим, Сайкал, Асел, Роза, Астра, Сайра мен силерди сүйөөөөөм!
Жаңырык:
-Ээ Ташмат, бир бирден айтчы!

01:56
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...