Акчаңыздын да, кызыңыздын да кереги жок

Акчаңыздын да, кызыңыздын да кереги жок

Короосундагы бассейнинде тирүү крокодилдерди кармаган бир бай, күйөөгө чыга элек татынакай кызы үчүн бир күну үйүндө кече өткөрмөй болот. Кечеде ортого чыгып коноктордун баарына кайрылып: 

-“Кадырлуу конокторум! Бул жердеги ар бир мырзага бир сунушум бар. Мына бул крокодил толгон бассейнден ким бул жагынан ары жагына сак-саламат сүзүп өтсө, каалаганын — бир миллион сом же кызымды берем ”,-деп сөзүн айтып бүткүчө суунун шарп эткен катуу үнү угула түшөт. 

Баары бассейнге бурулуп, жанталаша сузүп бараткан жигитти көрүп, кыйкырып сүрөп калышат. Жигит аман-эсен суудан чыгат. Бай жигитке таң калып: 

-“Эч ким муну жасай албайт деп ойлочумун. Азамат! Тим эле укмуш болду го! Эми мен да сөзумө турайын. Бир миллион сомду аласыңбы же менин кызымдыбы? Кайсынысы керек? ”. Жигит энтиге: 

-“Акчаңыздын да, кызыңыздын да кереги жок. Мага азыр мени бассейнге түртүп ийген акмак керек!”,-дептир тиштенип.

07:05
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...