Чын эле, тогуз!

Чын эле, тогуз!

Апенди үйлөнсө, аялы үч айдан кийин төрөп коюптур. Ага башы катып маң болгон Апенди аялына акырын кайрылыптыр:
-Аял тогуз ай боюна көтөрүп, анан төрөйт дечү эле, сен болсо үч айда эле төрөй салдың. Бу кандай, ыя?
-Туура, — дейт аялы буйдалбай. — Аял тогуз ай боюна көтөрөт. Мен да ошентип төрөдүм. Күмөн санап турсаң, кел эсептейли — мага үйлөнгөнүңө канча болду? Үч айбы?
-Ооба, үч ай, — дейт Апенди.
-А сага менин күйөөгө чыкканыма канча болду, дагы үч айбы? Үч айга үч айды кошсо, алты ай болобу?
-Алты — деп, Апенди ынана баштайт.
-Дагы үч ай бала боюмда жүрдү. Демек, алтыга үчтү кошсо, канча, тогузбу?
-Чын эле, тогуз! — дептир Апенди ишенип.

07:39
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...