Башка ат таап беребиз

Башка ат таап беребиз

Апенди аялы өлсө кайгырбай, аты өлсө бүк түшүп жатып калыптыр. Теңтуштары келип:

-Аялыңан көрө атыңа катуу кайгырдың, ал эмнең дешсе, Апенди айткан тура: 

-Аялым өлгөнде толгон эл келип көңүл айткан, кошумча деп акча, мал кошкон, ордуна жаш аял алып беребиз дешкен. А атым өлгөнү бир киши келип сурап койбойт, ордуна башка ат таап беребиз деп да эч ким ооз ачпады. Ошон үчүн атыма катуураак кайгырып отурам.

07:43
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...