Касап менен адвокат

Касап менен адвокат

Касап адвокатка келиптир: — Билесизби, бир ит менин сатып жаткан
эттериме тийип, эттерди арам кылып койду.
Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
— Ал иттин ээсин билесизби?

— Ооба.
— Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын
андан алып алышыңыз мүмкүн… Иттин ээси
ким?
— Ал сиздин итиңиз болчу...
— Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата
албай калдыңыз? — 3 кг. 450 сом болот...
— Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом
болот… Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура
болот да, ее?

09:20
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...