Аял

«Аял»

Ат көтөргүс азапка көнгөн аял.
Түн уйкусун перзентке бөлгөн аял.
Миң кыйналып сызылып турса дагы.
Эч нерсеге карабай өнгөн аял.

Адамзаттын таалайына келген аял.
Жамандыктан жакшылык терген аял.
Канча_канча кыйынчылык келсе дагы.
Эрки менен кыңк этпестен женген аял.

Үй-бүлөгө жан дилден күйгөн аял.
Корсулдаган эркекти сүйгөн аял.
Күндөй жаркып кубандырып ар бир үйгө.
Береке-кут жакшылык үйгөн аял.

Таманына бейишти каткан аял.
Кайгы муңдан кубаныч тапкан аял.
Илең-салаң арабасын кылдыратып.
Бул заманды алдына тарткан аял

RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...