Биз эртедир кечтир билүүчү он чындык

Убакыттын өтүшү менен турмуштун көмүскөдө жаткан көп сырларынын эшиги ачылат. Бирде чуркасак, бирде чалынып мүдүрүлөбүз. Турмуш бизди сынайт, бышырат. Көп нерсеге көзүбүз жетип, акыл токтотобуз. Турмушта адам баласы эртедир-кечтир биле турган он чындык.

Сулуулук ичибизде катылат


Силер эч качан менчелик сонун боло албайсыңар, бирок мен да эч качан силердей сулуу боло албаймын. Биздин ар бирибиздин өзүнчө айтып бүткүс сулуулугубуз бар. Сулуу болуш үчүн сулуу болууга аракет кылуунун кажети жок. Жан дүйнөңүзгө үңүлүп караңыз, чыныгы сулуулук ошол жерде, болгону ага кантип жетүүнү түшүнүү керек.

Себепсиз кайгы болбойт


Ишенип коюңуз, ар кандай кайгы биздин жашообузга жөн эле жерден келип калбайт. Бул сиздин турмушуңузда кандайдыр бир нерсени өзгөртүүгө тийиш экендигиңиздин белгиси. Ооба, бул өзгөрүүлөр оңойлук менен жүзөгө ашпайт, ал үчүн күч керек. Бирок, күчтүүлөр эч качан коркпогондуктары жана оор абалда да кол куушуруп олтуруп калбагандыктары үчүн күчтүү эместигин туура түшүнүңүз. Жок, алар коркунучтан тизелери калтырап, эртеңки күндөн такыр үмүт үзүлчүдөй кырдаалга кабылса дагы, алдыга гана умтулгандыктары үчүн күчтүү.

Биздин жолдо кездешкен адамдар


Биздин жашообузда бизге жакшы да, жаман да адамдар кездешет. Кетип баратып жүрөгүңүздү сууруп кеткендер да, же ал жүрөктү ордуна салып бергендер да жолугат. Алардын кимиси менен убактыңызды бирге өткөрүштү сиз гана чечесиз. Сиздерди эч качан сатып кетпеген, абийир-ардуу гана адамдар менен чогуу болуңуз.

Жакшылыкты тандаңыз


Жан дүйнөңүздү жаман ойлорго толтурбаңыз. Кайгынын ачуусу дилдеги таттуулукту жууп кетпесин. Сизге жакпаган нерсени сындап отурганча, көңүлүңүз сүйгөн иш менен алек болуңуз. Мына ошондо гана сиз жашооңузду өз колуңуз менен жакшы иштерге бурганыңызды сезесиз.

Бүгүнкү кылган иш эртең бүтмөк эмес


Жуманын жети күнү болсо, алардын бири да “качандыр бир” деп аталбайт. Бүгүнкү кылган кайсыл ишиңиз сизди келечектеги аруу максатыңызга бир кадам жакындатканын сурап көрүңүз.

Өз акылың да кээде душман


Сиз кайсы кырдаалда эмне кылышты билесиз, бирок өзүңүзгө өзүңүз ишенбейсиз. Башкаларга чын дилден берген кеңешиңиз кээде сизге жардам бере албай калышы ыктымал. Дал ушул учурда сиз ал кеңешти айткан досторуңуз жардамга келет – алардын оозунан өз кеңешиңизди угуу кандай жакшы.

Башкалар үчүн жашаш мүмкүн эмес


Жашооңуздун тарыхын жазып жатканда калемсапты өз колуңуздан чыгарбаңыз. Ар дайым сизге эмне жакшы экендигин сиз сүйгөн адамдар каршы чыгышканына карабай өзүңүз чечиңиз. Өз жашооңузду өзүңүз жашаңыз. Өмүрдүн акырында: “Мен толук кандуу өмүр сүрдүм, баарына ыраазымын!” дегендей болуңуз.

Кечирим — баарынын дарысы


Кээде биз адамдарды алар кечиримге татыктуу болгондугу себептүү кечирбейбиз. Биз кечирим аларга да, бизге да керек болгондугу үчүн, ансыз биз алдыга жыла албай тургандыгыбыз үчүн кечиребиз. Андыктан адамдар сизди капа кылганда ыйлаңыз, бирок кечириңиз. Дал ошол көз жашыңыз сиздин келечектеги инсандык өсүүңүз үчүн сугат суу болуп берет.

Ишеним баарынан ыйык


Сиз ишенген нерсе сиз кыялданган жана үмүт кылган нерселерден да күчтүүрөөк. Эртедир-кечтир ишенимиңизге жараша адам болосуз. Демек, ишеним баарынан күчтүү.

Эмгек менен жеткен кыял


Кыялына жеткендер бул үчүн кандай эмгек жумшалгандыгын билишет. Ооба, кыялга кеткен жолдогу ар бир кадам мурункусунан да кыйын
#АЙНУРА_НУРАЛИЕВНА

RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...