БУЛ СУУСУНДУК СӨӨКТӨРДҮ ИЧИНЕН ТАЛКАЛАЙТ, БИРОК АДАМДАР БОЛБОЙ ЭЛЕ ИЧИШЕТ

Газдалган суусундуктар – эң зыяндуу экенин баары билет. Бирок көпчүлүгүбүз, бир караганда жөнөкөй, жаш балдар дагы ичкенге болгон суусундуктун кандай коркунучтуу экенин элестетпейбиз. Көпчүлүк үчүн газдалган суусундук – жайкы ысыкта, майрамдык столдо, же күнүмдүк эле жашоодо, алмашкыс нерседей кабыл алабыз. Бирок ден соолукка кандай зыян алып келет экенин билесизби?

1. Газдалган суусундук менен остеопороз

Көпчүлүк газдалган суусундуктун курамында кофеин жана көптөгөн изилдөөлөр көргөзгөн, организмде калийди иштетүүгө тоскоолдук кылган ортофосфор кислотасы бар. Башка изилдөөдө, дайым газдалган таттуу суу ичүү, жамбаш сөөктөрүнүн муундарынын тыгыздыгын азайтаары белгилүү болду. Кызыгы, аялдар сөөк массасын жоготконго туруштук бере албайт.

Дагы бир изилдөөдө, күнүнө 330 мг кофеин (болжол менен 4 чашка кофе) ичкенде сөөк массасы жоготууга учураары дайын болду. Кофеин кальцийдин денеге сиңишине тоскоол болуп, аны заара аркылуу сыртка чыгарып салат деп эсептешет.

Башкача айтканда, газдалган суусундук сөөктөн кальцийди жууп таштайт. Ошондуктан бул суусундуктар остеопороз, Крон оорусу менен ооругандарга жана 50 жаштан улуу адамдарга сунушталбайт.


2. Боорго болгон зыяны

Эгер цирроз менен ашыкча алкоголдук ичимдик ичкен эле адамдар ооруйт деп ойлосоңуз, жаңылышасыз. Газдалган суусундукту өтө көп ичкенде да бул коркунучтуу оору пайда болот.


3. Ашыкча салмак

Алкоголсуз газдалган суусундуктар адамды семиртүүдө биринчи орунда турушат. Газировканын жарым литринде 9 кашыкка жакын шекер болот, болгондо да үйдөгү шекерге караганда абдан коркунучтуу, себеби көмүр кычкыл газынын таасири алдында, көз ачып жумгуча канга сиңип кетет. Эгер диетикалык кола – ситуациядан чыгуу жолу деп ойлосоңуз, жаңылышасыз. Ал суусундуктар организмге булардан бир нече эсе көп зыян тийгизет. Курамында шекер болбогону менен, гормоналдык бузулууларга алып келген жана адамды семирткен толтура ооруларды алып келчү жасалма даам бергичтерге чыланган.


4. Тиштердин бузулушу

Таттуу газдалган суусундуктар тиштин эмалын бузат. Булардын курамында шекер гана көп болбостон, кислоталардын деңгээли да абдан жогору.

5. Бөйрөк оорулары

Башында айткандай, ортофосфор кислотасы сөөктөн кальцийди жууп таштайт жана бир бөлүгүн заара менен чыгарса, бир бөлүгү бөйрөктө таш болуп калып калат. Ошондуктан, газдалган сууну көп ичүү – бөйрөккө таш чогултуунун эң туура жолу.

Эгер сизге ден соолугуңуз кымбат болсо, газировканы азыраак ичкенге өтүңүз. Ошондой эле адистер, ар бир банка газдалган суусундукка, кальцийди ордуна келтирүү үчүн, бир стакан сүт ичип коюуну туура көрүшөт

RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...