МЕН КЫЗ ЭМЕСМИН...

Үйдүн чоңдору конокко кетип жалаң мадырабаштар калганда жыргалбай заман келет эмеспи. Ичиңде көмүлүп жаткан болгон ботко жоруктарың тышка чыгып, үйдү үч көтөрө сапырып, бакырып ырдап, тайраңдап бийлеп, бири-бириң менен жулмалашып күрөшүп өзүнчө эле бактылуу болосуң… ))
Ошол күндөрү көлдөн таякелерибиз балдары менен келишип апыр-тапыр болуп жүргөн элек. Анан төрт-беш айыл алыста турган эжекебиз чоңдорду тамакка чакырып үйдө бир батальон балдар калдык. Демейде торпоктой болгонуна карабастан энесинин этегине жармашып той-түлөдөн калбаган Мирбек деген таякебиздин баласы момурайып калып калса боло. Апасы дагы кубанып таң калган боюнча ууртунан күлкүсү кетпей машинага күлүмсүрөгөн боюнча түшүп кетти. Оозу жыйылган жок. )) Өмүрүндө биринчи жолу чыр баласы ээрчибей калганына кубанса керек да байкуш.
Ошентип үйдө жыргал баштады. Ары ойнодук, бери ойнодук. Билген оюндарыбыз бүтүп, бири-бирибизден тажап калганда кыздар бир балакет ойлоп табышты. Эркек балдарга көйнөк кийгизип, бети-башын боеп, айтор кимисинин кызы чүрөк болот деген эле кеп болду. Ошентип төрт кыз төрт баланы кызга айландыра баштады. Мирбек кичине олбурлуу, үнү жоон, корсулдап сүйлөгөн, буттарынын ортосунан үч торпок катар жүгүрүп өтсө да батып кете турган ийри бут эле. Эми анын кебетесин көрсөңөр адам эмес мышык кошо кытылдап күлөт эле. Чачына да келиштирип эки чүпүрөктү чыкчыйта бууп салышкан эле. Биз ошентип эшиктин алдында чүрөк болуп жасанып атканда дарбаза катуу тарсылдап калды. Баарыбыздын үрөйүбүз учуп топураган боюнча үйдү көздөй чуркадык. Анан эле эң артта калган бирөө эшикти кошо ичинен илип салган экен. Оххх, деп демибизди басып бири-бирибизди карап кыткылыктап күлүп атсак дарбаза ачылып анан эшиктен күбүр шыбыр болуп калды. Бирөө өңүлдөп ыйлап атат… ) Баарыбыз терезенин пардасынан жылчык ачып карасак бейтааныш 2 киши, 2 аял турган экен. Алардын ортосунда корулдап сүйлөп бир бантиги жулунуп, көзүнүн боегу бетине капкара болуп аккан Мирбек чүрөк турат :)) Улам-улам көзүнүн жашын аарчып коет. Эми кебетеси шумдук! )) Көйнөгү тырсыйып тизеден өйдө. Бутунда колтойгон көлөч. Бети ботала. Оозу кыпкызыл. Саксайган чачынын бир капталында кыпкызыл чүпүрөк. Көрсө аны жулганга жетишпей калса керек да байкуш. :)) Кыз эмес же бала эмес. Бир ботко пенде да иши кылса. Балабыз да баарыбыз үйдү жарылып кеткидей шарактап күлдүк. Болбосо өзүбүз деле «чүрөк» болуп отурганбыз. Анан тиги кишилер чыгып кетишти. Ооо, анан тиги Мирбекти көрүңуз, дорулдап ыйлаган боюнча долуланып эшикти ачкыла деп тепкилеп, ургулап атат. )) Баарыбыз үйдүн арткы тересинен качып чыктык да короодо жашынып отурган элек. Анан тигинин жини басылганда келип, элдешип алып кайра башка оюнга кирип кеткен элек.
Көрсө атама дем салдырам деп алыстан келген кишилер экен. Алар эртеси келип алып боору эзилип Мирбектин жоругун айтып күлүп отурушту. «Дарбазаны кагып, жооп болбогондон кийин түртсөк ачылып кетти. Кирсек эле короодо саксайып чоң кыз турат. Сүйлөбөйт. Ай кыз үйдө ким бар деп сурасак,- мен кыз эмесмин мен Мирбек, өзүң кыз!,- деп эркекче корсулдап туруп ыйлап жиберсе жүрөгүбүз түшүп калды..»,- деп улам туурап беришип күлүштү. Азыр да Мирбекти көрсөк: «Мен кыз эмесмин, мен Мирбекмин, өзүң кыз»,- деп тамашалайбыз. )) Ооой ата, өлгүчө унутпайсыңар эми деп күлүп кутулат.

RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...