
Тамашалуу анкета :
Билиш-сенкета
Туулган жылы – илгери, чоң атасы пенсияга чыккан жылы, алашалбыртта төрөлгөн
Уруусу – сол канаттын жыгачабар деген уругунан
Санжырасы – токсон тогуз атасын билет жана сүйлөшүп турат
Атактуу аталары ким – алтымыш атасы Баатыр болгон, отуз атасы Олуя болгон, алты атасы манап, бир атасы жалчы, бир атасы камунис, өз атасы алиментчи болгон
Үйбүлөсү – биринчи катынынан үч кыз, экинчи катынынан эки кыз, үчүнчү катынынан үч аборт, төртүнчү катынынын боюнда бар
Ишенгени – катынынын курсагы
Ишенбегени – УЗИачыктын көргөзгөнү
Кызыкканы – үч катынынын кийинки күйөөлөрү
Таң калганы – биринчи катыны эгиз эркек төрөгөнү
Күйүнгөнү – экинчи катыны удуу-удаа эки уул тууп салганы
Сүйүнгөнү – үчүнчү катыны такыр төрөбөй калганы
Жактырбаганы – айылөкмөт
Жактырганы – айылөкмөттүн аялы
Саясатчысы – Ленин
Урааны – окуу, окуу жана окуу!
Ичимдиги – арак, арак жана арак
Майрамы – 8чи март, 9чу март… жана 11чи март
Хоббиси – бөтөлкө чогултмай
Бош убагын кантип өткөзөт – гезитке чыккан некрологдорду окуйт.