Эмнеге кол көтөрүп,уруп жатасыз?

Эмнеге кол көтөрүп,уруп жатасыз?

Ташмат досуна эски күндөрдөгүдөй ак кагазга жазылган кат жөнөткүсү келип почтага барып калат. 

Кечке телефондо сүйлөшүп отурган почта кызматкерине: 

-«Кечиресиз, кат жөнөтөйүн дедим эле»,- дейт. 

Почта кызматкери Ташматтын жүзүнө карабай эле:

-Кезеке туруңуз деп күңк этип койот. Алды артына караса эч ким жок жалгыз турат. 

Почта кызматкерине кайра кайрылат, кайра кезеке туруңуз деген жоопту угуп ачуусу келе түшөт да, почта кызматкерин чокуга мээлеп койуп ийет. 

Башы каңгырап, эмне болгонун түшүнбөй калган почта кызматкери: 

-«Бул эмне кылганыңыз?! Эмнеге кол көтөрүп, уруп жатасыз?»,- дейт. 

Анда Ташмат колун эки жагына жайып: 

-«Мынча көп кишинин арасынан эмнеге мени урду деп жатасың? Кызык...»,- деп койот имиш камырабай.

23:54
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...