Ай, болгону он сомуң бар экен

Ай, болгону он сомуң бар экен

Эки каракчы түндөсү Ташматты кармап алат. Ташмат бар күчү менен каршылык көрсөтүп, экөөсү менен алышып мушташат. 

Аягында эки каракчы көптөп Ташматты кулатып, чөнтөгүн аңтарса болгону 10 сом чыгат. Таң калган каракчынын бирөө: 

-Ай, болгону он сомуң бар экен. Эмне мынча жан алакетке түштүң? Анда Ташмат: 

-Мен силерди байпагымдагы 500 сомду таап алат окшойт дегем

09:01
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...