Берлинди ким алды эле?
Айылга жаңы тарых адистигин бүткөн мугалим иштеп барат. Биринчи күнү сабак өтүп суроо берип жатат:
-кана Асан жооп берчи Берлинди ким алды эле?
-Эжей мен алган эмесмин кудай урсун дейт. Мугалим жини келип атасын чакыртып болгонун болгондой айтып берет. Атасы болсо баласын урушуп
-алсаң бер деп кыйкырат. Мугалим ого бетер жинденип класс жетекчисин чакырат. Ал болсо
-булар дайыма ушундай алып алса мойнуна алышпайт дейт, жинденген мугалим баарын директорго алып кирип айтат,
-Берлинди ким алды эле десем Асан алган эмесмин, атасын чакырсам берип кой деп, класс жетекчиси булар ушундай моюнуна албайт деп атышат дейт. Директор жинденип аягында мугалимге карап туруп
-эмне менден көрүп атасыңбы деген экен