Мени тиши менен эмес, көчүгү менен капса

Ташмат бак ичинен отун кыркып журсө, бир кабанаак ит качырып сала берет. Коркуп кетип балтасын шилтеп ийсе, иттин башына таамай тийип, ит өлүп калат. Нары жактан чуркап келген ээси Ташматка доо койот: 

-Балтанын мизи менен чаппай, сабы менен урсаң, бирдеме болот белең?! 

— Итиң өзүнөн көрсүн. Эгерде, ал мени тиши менен эмес, көчүгү менен капса, мен деле балтанын сабы менен урмакмын...-деп коёт дейт ээринбей.

17:25
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...