Мугалим менен окуучулар
Мугалим эжеке окуучуларды чогултуп алып, эстелике сүрөткө түшүп коелу деп жатыптыр. Арадан жылдар өтөт, бири-бириңерди эстейсиңер.
— Айбек адвокат болуптур, Айгүл доктор болуптур, Акыл бизнесмен болуптур деп эстейсиңер дегиче болбой, аркадан бир окуучу:
— Раматылык эжеке, жакшы эжеке эле, жаткан жери жайлуу болсун дейт экенбиз да — дептир