Ар кандай сандар жазылган барак карматты

Ар кандай сандар жазылган барак карматты

Бүгүн кызыктай окуяга туш болдум… эптеп автобуска чыгып, кулагыма наушник салып, музыка угуп отурсам, жаныма бир кызыктай чемодан көтөргөн аял келип отурду. Анан мени карап эле колума бир ар кандай сандар жазылган барак карматты, эмнеге десем, бактылуулукка дейт. Бир чети таң калып, чөнтөкө салып коюп, кайра музыкамды угуп баштасам эле автобус токтоп, толтура омондор чуркап кирип, баягы аялдын колун кайрып, алып түшүп кетишти. Анан кайра омондун бирөөсү кирип, баягы аялдын чемоданын менин жанымдан алып, эч кимиңер код жазылган барак көрбодүңөрбү деди, мен баягы баракты эстей коюп, коркуп кетип чөнтөктөн алып омонго кармата салдым. Ал колумдан алып, кодторду терип, акырын коркуп чемоданды ачып, ичинен азыр мен сиздердин куланыңыздарга илип жаткан лапшаларды таап чыкты

04:40
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...