Сага канча жаш берейин?

Илгери илгери кудай адамды жаратканда андан: «сага канча жаш берейин?» — деп сураган экен? Адам келишүүчүлүк менен айтыптыр:

— Эркиңе канча туура келсе, ошончо.

— Жакшы, — дейт Кудай, — жыйырма жыл жашайсың.

Адам ыйлаптыр:

— Эмне үчүн мага мындай жашоону аз берип койдуң?

Эшек келиптир.Кудай ага мындай дептир:

Сага мен кырк жаш берем. Жыйырма жашын адамга иштеп, жардам бересиң, жыйырмасында эс аласың.

Эшек жалыныптыр:

Мага оор болот. Менин жашымды кыскарта көр.

— Ал жаштарды мага бер, — деп адам сураныптыр.

Кудай эшек жылдарды адамга бериптир.

Кудайга ит келиптир.

— Кырк жыл жаша. Жыйырмасын адамга кызмат кыласың, жыйырмасын эс алуу менен өткөрөсүң.

Ит жалыныптыр:

Кудай, кыскарта көр.

Адам бул жылдарды да өзүнө беришин сураптыр.

Маймыл жетип келген экен.

Кырк жыл жаша, — дейт Кудай.

Маймыл ыйлаптыр:

Сен менин жашымды кыскарта көр.

Кудай анын ашык жылдарын да адамга карматыптыр.

Ошентип, адам өзүнүн жылдарын ачык, көңүлдүү жашап өтуптур.

Баарына кубаныптыр көп өтпөй үйлөнүптүр. Андан кийин эшек жылдар келиптир. Оор, түйшүктүү, жашоо чылбырын тартып өткөрүптүр. Эшек жылдардан кийин ит жылдары жаңырыптыр. Адамдын балдары бойго жетиптир. Көп жылдап чогулткан оокатын эми алар сыртка ташып, чачып, ысырап кылышыптыр. Адам болсо аларга эч нерсе карматпай күңкүлдөк, урушчаак боло баштаптыр. Баарына нааразаланчу болуптур. Маймыл жылдары да келиптир. Ал мезгилде адам картайып жүзүн бырыш басыптыр. Үй жайына ээ боло албай, балдарына каттап, неберелерин багып, алар ыйлабасын деп ыкшын — укшун этип, маймылчалыштана эркелеткенди, алаксытканды үйрөнүптүр. Ошондон бери адамдын жашоо айлампасы ушундай өтүп калыптыр.

07:52
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...