Менин атымды кайдан билесиз?

Менин атымды кайдан билесиз?

Бир келин, маршруткадан жол кирени төлөйүн десе, алдыда бир айым туруптур. Ал келин таанышбы — тааныш эмесби, негизи эле, адамга атынан кайрылганды милдет көрчү экен. Ичинен ойлоп жатат: — «Бул айымдан берип жибер десем, атын билбеймин. Мммм, логика менен ойлоп көрөйүн. Бул айым өтүп кеткен аялдамадан түшкөн жок. Демек, биздин районго барат экен. Баштыгында коньяк… демек ойношуна баратыптыр. Коньягы, кымбат экен, демек ойношу сулуу эркек. Биздин райондо эки гана сулуу эркек жашайт, бул менин күйөөм жана ойношум. Менин ойношума бараткан жок, анткени ага мен баратам. Андай болсо, ммм… менин күйөөмө баратыптыр. Менин күйөөмдүн эки ойношу бар, Гулмакан менен Жайнакан. Жайнаканды көргөм. Ааа, мунун аты Гулмакан.» Айымга: 

— Гулмакан, бир кишиге берип коюңузчу. Тигил айым: 

— Менин атымды кайдан билесиз??? дейт имиш

08:19
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...