Үчүнчү тепкичке келгенде кулап түштүм да

Үчүнчү тепкичке келгенде кулап түштүм да

Апасы кызын турмушка узатып жатып:
— Кызым күйөөңү баш ийдирип алыштын башкы тепкичтерин айтайын.
1- тепкич: күйөөңүн иштен келишине тамак жасап алдына салып бер бирок чай койбо, өзү туруп чай коюп келсе анда биринчи тепкичтен өткөн болосуң.
2- тепкич: эртеси тамак жасап бирок салып келип бербе, өзү туруп барып чай коюп тамак салып келип жесе анда экинчи тепкичтен да өтөсүң.
3- тепкич: кийинки күнү эч нерсе жасаба өзү баарын жасаса анда жеңиш сеники- дептир.
Арадан 10, 15 күн өтүп апасы кызын көргөнү айылдап барса кызынын бир көзү көкмөк болуп жүрөт дейт.
— ии кызым эмне болду?
— апа 2 тепкичтен өтүп, үчүнчү тепкичке келгенде кулап түштүм да — деп коёт имиш.

11:08
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...