Бекматка 4500 долларга сатып жибердим

Мечитте намаз окуп жаткан Ташмат Акматка:
-Акмат, намазда сүйлөгөнгө болбойт, бирок машинемди сатканы жатам.
Акмат:
-Намазда сүйлөгөнгө болбойт, бирок канча деп жатасың?
-Намазда сүйлөгөнгө болбойт, бирок 5000 доллар.
-Намазда сүйлөгөнгө болбойт, бирок 4000 доллар берейин. Макулсуңбү?
-Мен саждага жыгылганда ойлонуп көрөйүн.
Саждадан турушканда Акмат:
-Ташмат, ойлондуңбу? Бере турган болдуңбу?
-Капа болбо Акмат, мен рукуда ийилип турганда Бекматка 4500 долларга сатып жибердим.

18:04
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...