Баатыр, сырага тоюп бүткөнүңдөн кийин, чымыныңды мага таштап кетчи...

Баатыр, сырага тоюп бүткөнүңдөн кийин, чымыныңды мага таштап кетчи...

Бир кружка сыра иче кетүүнү ойлоп, Ташмат сыраканага кайрылат.

-Официант, бир кружка сыра!

-Куп болот, мынаңыз!

Тигил жарымына чейин ичип, анан ичине өлгөн чымынды таштап койду да:

-Официант, бул эмне маскарачылык!? Эмне үчүн сыраны чымыны менен бересиңер, ыя!?

-Кулдугум бар, мырзам, азыр алмаштырып келем. Алмаштырып келип кетип үлгүрө электе Ташмат дагы жарымына чейин ичип жиберет да, кайра чымынды ичине салып койот.

-Ой, деги бул эмне деген итчилик? Кружкаңарда дагы чымын!

Официант дагы кружканы алмаштырганы кетет. Ошол учурда тигинин жанына коңшу столдон бирөө чуркап келип, Ташматтын кулагына шыбырайт:

-Баатыр, сырага тоюп бүткөнүңдөн кийин, чымыныңды мага таштап кетчи...

18:22
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...