Сиз эмнеге 60 эле сом берип жатасыз?
Мектеп директору такси менен үйүнө барды. Таксистке 60 сом берип жатат. Таксист:
— Кечээ, кызыңызды алып келдим эле, ал мага 120 сом берген болчу. Сиз эмнеге 60 эле сом берип жатасыз? — деди, нааразы абалда.
— Ал кыздын атасы директор, билесин. Менин атам болсо дыйкан… Мен албетте ал төлөгөн акчаны төлөй албайм да, — деди директор...