Эки чалдын маегинен

— Мен созгуш жылдарында учкуч болгом..
— Оо жакшы болгон экен..
— Эмнеси жакшы? Душмандын согуш майданында бир жолу атып түшүрүшкөн..
— Жаман болгон экен..
— Эмнеси жаман? Парашютта секирип кеттим..
— Ааа жакшы болгон экен..
— Эмнеси жакшы? Парашютум ачылбай калды.
— Ээ жаман болгон экен..
— Эмнеси жаман? Бактым бар экен чүмөлөй чөпкө түшүп аман калдым..
— Э жакшы болгон экен го?
— Эмнеси жакшы? Турсам жанымда немистер жүрүптүр..
— Жаман болгон экен..
— Эмнеси жаман автоматым бар эле баарын кырып салдым..
— Ой жакшы болгон экен..
— Эмнеси жакшы? Өзүмө келип карасам баары өзүбүздүн адамдар экен!

19:09
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...