Айтпадым беле, зыяны болбойт деп...

Айтпадым беле, зыяны болбойт деп...

Катуу келаткан машинаны МАИчи тосуп калат.
— Кызылды карабай өттүңүз. Ылдамдык да жогору экенин да радар көрсөтүп турат. Ичкенсиз го. Үйлөңүзчү.
Айдоочу үйлөйт. — Мына айтпадым беле, ичипсиз.
— Коюңузчу, ичкен жокмун. Аппаратыңыз жаңылып жатат. Аялым да үйлөп көрсүн.
— Мына сиз да, аялыңыз да ичкен турбайсыздарбы?
— Эми балам үйлөп көрсүн — деп он жашар уулун чакырат. Аппарат аны да ичкен деп көрсөтөт.
— М-м-м. Кечиресиз. Кете берсеңиз болот, — дейт оңтойсузданган маичи. Алардан узагандан кийин күйөөсү аялына:
— Айтпадым беле, балага аз-маз ичирип койсо, зыяны болбойт деп...

19:19
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...