Депутат менен таксист

Депутат менен таксист

Депутаттардан бири кызматтык машинесин туугандарынан бирөөнө берип, өзү таксиге түшүп калат. Таксист депутатты таанып, сыр бербей машинесин от алдырып эле анан кайра тормозду тээп, артка берип, алдыга айдамыш болуп, кайра тормоз тээп, радиосун бышылдатып ар кайсы толкунга коюп, жулкулдатып айдамыш кылат. Депутат эки көзү төрт болуп алая:
-Ой, тууган! Бул эмнең?! Минтип машине айдаганды кайдан үйрөндүң? Бир жерге барып урунуп өлөбүз, кокуй! Токтот! Ушинтип да машине айдайбы?!
Таксист ого бетер газ менен тормозду алмак-салмак баса:
-А, силер канча жылдан бери өлкөнү ушинтип эле айдап келе жатасыңар. Өлбөй эле келе жатат го...

21:41
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...