Санаганга жеңил болсун
Ташмат бала кезде жумуртка алганы дүкөнгө барат.
Сатуучу кичинекей жумутркаларды бергенин байкап Ташмат:
-Эмнеге кичинекейлерин берип жатасыз?
-Өзүң бала болсоң, сага көтөргөнгө жеңил болсун дедим.
Ташмат акчасын берип чыгып кетип жатса сатуучу:
-Ай бала, эмне акчаны аз бердиң?
-Санаганга жеңил болсун деп.