Кошуналар

Бир үй-бүлө жаңы үйгө көчүп барышат. Эрте менен аялы туруп сыртты карап эле, кир жайып жаткан кошуна аялды көрөт.
Күйөөсүнө:
-Тиги кошунанын жайып жаткан кирин карачы. Жууганы билинбейт. Кир.
Көңүл бурбаган күйөөсүнө кайра:
-Кир жууганды үйрөтүш керек экен бул кошунага :)
Ар жолу ал кошуна кир жууп жайганда аял ушул сөзүн кайталай берет.
Бир күнү эле караса кошунанын жайган кирлери таптаза көрүнөт. Күйөөсүнө:
-Ай, тиги кошуна кир жууганды үйрөнгөн окшойт. Тазарып калыптыр кирлери.
Күйөөсү:
-Жок, ай. Бүгүн сен турганча терезебизди жууп койдум.

23:43
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...