Эмне ыйлап жатасың?

Бир кызга 3 жигит орус, кыргыз, казак куда түшүп барышат.

Орус жигит ромашка гүлүн алып келет. Кыз жигиттерди сынап көрүү максатында, гүлдү жешин суранат. Орус жигит жеп койот.

Кыргыз роза көтөрүп келет. Кыз кайра эле гүлдү жешин өтүнөт. Күлүп да, ыйлап да жеп жаткан кыргыз жигитке таң калган кыз:

-Эмне ыйлап жатасың?

-Тикенектери ачуу экен.

-А, эмне күлүп жатасың?

— Артымдан келе турган казак кактус көтөрүп келе жаткан.

01:32
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...