Кызыл тотукуш

Кызыл тотукуш

Бир күнү Ташмат тотукуш алганы базарга барат. Биртоп тотукуштардын арасынан сарысын көрсөтүп баасын сурайт. Сатуучу:
-2000 сом.
Ташмат таң калып:
-Эмне мынча кымбат?
-Бул тотукуш компьютерде тергенди билет. Аябай бат да терет.
-А, бул жашылы канча?
-Бул болсо 5000 сом турат. Компьютерде терет, телефонго да жооп берет.
-Мммм. Кызыл тотукуш канча турат?
-10000 сом.
— Ии, кокуй. Мунусу эмне кылат экен?
-Эмне кыла алганын билбейм. Бирок, тиги экөө аны “босс” дешет.

07:11
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...