Актөштүн достору

Актөштүн достору

Айылдын өтө шум бир абышкасы айылдаштары менен көчөдөн
өткөндөрдү тамаша кыла берчү экен.
Бир күнү абышканын ити өлүп калат. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайлы деп, айылдын кишилери абышканы тамашалап, итине көңүл айтканы келип калышат.
Абышканын босогосун аттап эле жапырт:
-Аксакал, арты кайырлуу болсун! Сабыр кылыңыз! Итиңиз аябай
жакшы ит болчу-, деп божурап жатышса абышка:
-Ээ байбиче, чай кой эми. Актөштүн достору келиптир-, дептир жымыйып.

07:52
RSS
Ой-пикир өчүрүлдү
Жүктөлүүдө...