Жан алгыч келсе, жакшынараак экен деп сени алып кетеби

Өлүм төшөгүндө жаткан чал кемпирине:
— Тур барып жакшына кийимдеринди
кийинип келчи! — дейт. «Акыркы жолу
мени жакшынакай көргүсү келген тура»
деп ойлогон кемпири татынакай
жасанып келип абышкасынын жанына
отурат. Көпкө отурат, чалы эч нерсе дебей койгонунан зеригип чалынан
сурайт:
— Мени эмне минтип жасантып
алып отурасыз? — десе, чалы:
— Жан алгыч келсе, жакшынараак
экен деп сени алып кетеби деген ой
да...- деп коёт имиш...

20:13
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...