Менин карызымды качан бересиз

Менин карызымды качан бересиз

Акмат базарда өрүк сатып отурса чала тааныш бир аял келип:
-Өрүктүн даамы жакшыбы?
-Жеп көрүңүз.
-Орозомун.
-Орозо болсоңуз алып кете бериңиз. Акчасын анан деле бересиз-, деп айтып эле азыр Рамазан айы эмес экенин эстеп кетип:-Азыр орозо эмес да, кандай орозо кармап жүрөсүз?
-Үч жыл мурунку карыз орозому кармап жатам.
Акмат өрүктү бербей турган болот.Түшунбөй калган аял:
-Азыр эле алып кете бериңиз, акчасын анан бересиз дебедиңизби?
-Сиз Аллахка карызыңызды үч жылда кайтарып жатсаңыз, менин карызымды качан бересиз ким билсин?!

23:41
RSS
Эч кандай ой-пикир жок. Биринчи сиз жазыңыз!
Жүктөлүүдө...